Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:43

Казак-дунган чатагы боюнча соттолгондордун жазасы жумшарды


Кордайда ушул жылдын башында улут аралык чыр чыккан.
Кордайда ушул жылдын башында улут аралык чыр чыккан.

Казакстандын аскер соту Кордай районунда казак-дунган жарандарынын чыр-чатагында камалган жети кишинин төртөөнүн жазасын жумшартты.

19-ноябрда чыгарылган соттун чечимине ылайык, алардын түрмөдөгү мөөнөтү шарттуу жазага алмаштырылды.

Сентябрь айында бул жети адам кандуу кагылышууга катышканы үчүн үч жылдан төрт жылга чейин кесилген.

Ушул эле окуяга байланыштуу камалган дагы үч адамдын жазасы өзгөргөн жок.

Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунда 7-февралда улут аралык чыр чыккан. Чатакта он киши каза болуп, жүздөн ашык адам жабыркаган. Ондогон турак жайлар жана машинелер өрттөлгөн. Миңдеген дунгандар Кыргызстанга кире качышкан.

Жалпысынан окуя боюнча 50 адам камалган. Калгандарынын сот иштери жакында болмокчу.

XS
SM
MD
LG