Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

«Интеллигенттер ассоциациясы» Конституцияны өзгөртүүгө каршы


Кыргызстандын Конституциясы.
Кыргызстандын Конституциясы.

Кыргызстандагы «Интеллигенттер ассоциациясы» Конституцияны өзгөртүүгө каршы. Аталган ассоциация бүгүн, 23-ноябрда тараткан билдирүүдө Кыргызстан Баш мыйзамды өзгөртүү менен «орто кылымдарга гана эмес, келечексиз түпкүргө бара жатат» деп жазылган.

Билдирүү ээлери курултай институтун төртүнчү бийлик катары Баш мыйзамга киргизүүнүн өзү бийлик бутактарынын цивилдүү түрдө бөлүнүшүн бузат деп эсептешет. «Ал эми президент, парламент жана өкмөт тууралуу бөлүмүндөгү сунуштар өлкөдө супер президенттик бийлик орнотууга багытталган. Президент мамлекет башчы гана болбостон, өкмөттү да башкарып, тышкы жана ички саясатты да аныктоону өзүнө алат» деп белгилеген билдирүү ээлери Конституцияны өзгөртүү мыйзамсыз деп эсептешет.

Алар буга чейин бир нече жолу мамлекет башындагы адамдар тарабынан Баш мыйзамды өзгөртүү аракети натыйжасыз аяктап, алардын эч бирине бийлигин бекемдөөгө шарт түзө албаганын эскертишүүдө.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, демилгечилер 80 депутат экени айтылды жана алардын тизмеси жарыяланды.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын, айрымдары Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн айтып чыгышты.

Долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонууда.

Коомдук-саясий чөйрөдө «Кыргызстан супер президенттик башкаруу формасына кайтып баратат» деген сын арбын болуп, 22-ноябрда жарандык активисттер Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы жүрүшкө чыгышты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG