Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Парламент кезексиз жыйында эл аралык макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлорун карады


Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин жыйындарынын бири. 2020-жыл. (Архивдик сүрөт).

Жогорку Кеңештин 2-декабрдагы кезексиз жыйынында мамлекет аралык макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлору каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында Евразия Экономикалык Биримдиги менен Сербиянын ортосундагы эркин соода жүргүзүү зонасы тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Макулдашууга 2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган.

Ошондой эле бүгүнкү жыйында былтыр Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия Экономикалык Биримдиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору да экинчи окууда добуш берүүгө жиберилди.

Мындан тышкары 2018-жылдын 2-ноябрында Астана шаарында кол коюлган өзөктүк авария же радиациялык авариялык кырдаал келип чыккан учурга карата даярдыкты камсыздоо жана алардын кесепеттерин жоюуда өз ара жардам берүү боюнча КМШ мамлекеттеринин өз ара кызматташтыгы тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Быйыл 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт тополоң менен коштолуп, өлкөдө бийлик алмашкан.

22-октябрда Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртмөйүнчө парламенттик шайлоону өткөрбөй туруу жөнүндө мыйзам кабыл алган. Ага ылайык депутаттар парламенттин мөөнөтүн 2021-жылдын июнь айына чейин узарткан.

Депутаттар муну мыйзамдуу кадам деп түшүндүрсө, бир катар коомдук ишмерлер, саясатчы, юристтер парламенттин мөөнөтү мыйзамсыз узартылганын билдирип келишет. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG