Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:15

БУУда COVID-19га каршы «Спутник V» вакцинасынын бет ачары болду


«Спутник V» вакцинасы медицина кызматкерлерине сыналган. Тверь шаары, Орусия. 12-октябрь, 2020-жыл.
«Спутник V» вакцинасы медицина кызматкерлерине сыналган. Тверь шаары, Орусия. 12-октябрь, 2020-жыл.

Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын сессиясында өлкөнүн COVID-19га каршы вакцинасы 100 миң кишиге сыналганын билдирди.

Аларга Гамалея атындагы институттун «Спутник V» вакцинасы сайылган. Мурашконун айтымында, препаратты иликтөө уланып жатканы анын жигердүүлүгүн көрсөтөт.

«Чогултулган маалыматтар эмдөө өтө күчтүү антиденечелик жана клеткалык иммунитет жаратарын көрсөттү», - деди министр.

Орусия бардыгы болуп үч вакцина иштеп чыкты. «Спутник V» вакцинасынан тышкары «Вектор» илимий борбору «ЭпиВакКорона» вакцинасын ойлоп тапкан. Экөө тең сыноонун бардык баскычтарынан өтүп бүтө электе эле каттоого алынып, эл аралык жана орусиялык адистердин сынына кабылган.

Үчүнчү вакцина – Чумаков атындагы борбордун препараты. Ал азыр үч сыноонун экинчисинен өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG