Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагынбаев үй камагына чыгарылды.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-декабрда ушундай чечим кабыл алганын адвокат Замир Жоошев "Азаттык" радиосуна билдирди:
"Прокурорлордун аны Убактылуу кармоочу жайда калтыруу өтүнүчү каралып, сот аны канааттандырган жок. Канат Сагынбаев үй камагына чыкты".
Ал эми Фарид Ниязов камакта калды. Адвокат беш күн аралыгында шаардык сотко кайрыларын айтты.
Фарид Ниязов жана Канат Сагынбаев 2019-жылдын август айында Чүйдүн Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы башаламандыкка айыпталып кармалышкан. Алар №1 тергөө абагына камалып, быйыл 6-октябрдагы массалык башаламандык учурунда тарапташтары бошотуп алышкан.
Кийин кайра камакка алынып, октябрь окуяларына байланыштуу да иштери тергеле баштаган. (SE)