Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Новиков Баткенде өрттөнүп кеткен мектепти калыбына келтирүүнү тапшырды


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, 1-вице-премьер-министр Артем Новиков өрттөнгөн мектепте. Баткен району. 7-декабрь, 2020-жыл.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, 1-вице-премьер-министр Артем Новиков өрттөнгөн мектепте. Баткен району. 7-декабрь, 2020-жыл.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткендин Чоң-Талаа айылында 7-декабрда таңга жуук өрттөнүп кеткен мектепти тез арада калыбына келтирүүнү тапшырды. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу мындай тапшырманы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба кызматынын жетекчилигине берди.

«Мектеп имаратын тез арада калыбына келтирүү иштерин жүргүзүш керек. Керектүү каражаттар бөлүнүп берилет», - деди Артем Новиков.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы орто мектептин бир имараты 7-декабрда таңга жуук өрттөнүп кеткен. Райондук билим берүү башкармалыгынын маалыматына караганда, 180 балага эсептелип, 40 жыл мурда курулган мектепте учурда 330 бала окуйт. Мектепте 1-5-9-11-класстардын окуучулары окуп жатышкан. Калгандары онлайн форматта, аралыктан окушат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өрт чыккан учурда мектепте эч ким болгон эмес. Жабыркагандар жок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG