Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 22:34

Юрист: Азыркы Конституцияга эл ишенбейт


Иллюстрациялык сүрөт.

Конституциялык кеңешмеге Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу сунуш киргизип кайрылгандардын дээрлик баары Конституцияга ишенбей турганын аталган кеңешменин мүчөсү, юрист Чолпон Койчуманова бүгүн, 9-декабрда брифингде билдирди. Ал үч бийликтин тең салмактуулугу боюнча маселе кеңешменин үч секциясында каралып жатканын белгиледи:

«Жаңы иштелип жаткан Конституцияга бийлик булактарын бөлүп, үч бийликтин жоопкерчилигин тактап, киргизип жатабыз. Азыркы иштеп жаткан Баш мыйзамда андай норма жок, так жазылган эмес. Биз азыр аны Конституцияга так жазыш керек деп жатабыз. Тажрыйба көрсөткөндөй, буга чейин үч бийлик бутагы да, президент да эч кандай жоопкерчилик алган жок. Ушундан улам азыркы Конституцияга элдин басымдуу бөлүгү ишенбейт. Бизге түрдүү сунуш-пикирлерин айтып кайрылган жарандардын бири да азыр иштеп жаткан Баш мыйзамга ыраазы эмес».

Чолпон Койчуманова мындан тышкары референдумга каршы бир ууч топ жалпы элдин атынан сүйлөөгө укугу жок экенин белгиледи. Анын пикиринде эл өз сөзүн референдум учурунда айтып, билдирет.

Конституциялык кеңешме президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун буйругу менен 20-ноябрда түзүлүп, ишин баштаган.

Ага 17-ноябрда коомдук талкууга коюлган Конституциянын долбоорун жана аны референдумга чыгаруу маселесин талкуулоо милдети жүктөлгөн. Бирок конституциялык реформа үчүн бир айга жетпеген мөөнөт абдан аз экени тууралуу коомчулуктун сын-пикири айтыган. Андан соң өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген жана алдыдагы президенттик шайлоого катышканы жаткан Садыр Жапаров алгач башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүү боюнча демилге көтөргөн.

Көп өтпөй парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров иштеп чыгып, парламентке сунуш кылган.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 9-декабрда бул мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен биринчи окуудан кабыл алды. «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул мыйзам долбоору «Референдум жөнүндө» мыйзамга байланыштуу жол-жоболордон өтпөй туруп, парламенттин кароосуна жиберилгенин мыйзамсыз экенин билдирди.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат. Ал эми ага каршы чыккан жарандар өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда. Жарандык активисттер жекшемби сайын референдумга каршы түрдүү акцияларды өткөрүп келе жатышат.

Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өткөрүлөт. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG