Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 00:56

Талант Мамытов ЕАЭБдин алкагында жалпы газ базарын түзүүнү сунуш кылды


Талант Мамытов, президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 11-декабрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) видеоконференция форматында өткөн отурумуна катышты. Бул тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматта жазылгандай, Талант Мамытов отурумда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан ЕАЭБдин алкагындагы маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча ачык жана конструктивдүү диалогду ар дайым колдой турганын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын эң актуалдуу маселеси жалпы газ рыногун түзүү болуп саналат. Бул маселе биздин кызматташтыктын маанилүү артыкчылыктарынын жана өлкөлөрүбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуунун зарыл бөлүктөрүнүн бири. Кыргызстанга газ жеткирүүдөгү өзгөчөлүктөрдү эске алып, бул маселеде биримдикке кирген мамлекеттердин ички муктаждыктарын камсыз кылыш үчүн, анын кайсы өлкөдөн чыкканына жараша, газды ташуудагы инфратүзүмгө жетишүү боюнча дискриминацияланбаган мамилени карап чыгышыбыз зарыл деп эсептейм», - деди мамлекет башчынын милдетин аткаруучу.

Талант Мамытов ошондой эле ЕАЭБдин тышкы соода саясатына канааттануусун билдирип, анын бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуудагы, ошондой эле ички рынокту коргоодогу маанисин белгиледи.

Мындан тышкары ал биримдикке кирген мамлекеттердин экономикасын санариптештирүү, заманбап санарип технологияларын жайылтуу бүгүнкү күндүн милдети экенин кошумчалады. Президенттин милдетин аткаруучу мындай жол менен салык жана бажы жол-жоболорун автоматташтыруу, уруксат документтерин жана коштоочу документтерди санариптештирүү, ошондой эле товарларды маркирлөө жана аларга байкоо жүргүзүү тутумун киргизүү көмүскө экономиканы жоюуга шарт түзөрүн белгиледи.

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы бул уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин жарыялаган. Алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү. Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар.

Соңку жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу мурдагы өкмөт да билдирүү жасаган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG