Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

Түркияда Чыңгыз Айтматовду эскеришти


Анкара шаары. 14-декабрь, 2020-жыл.
Анкара шаары. 14-декабрь, 2020-жыл.

14-декабрда Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин маңдайында эскерүү иш-чарасы өттү. Ага Түркиянын президентинин кеңешчиси Ялчын Топчу, Анкаранын Кечиөрен районунун мэри Тургут Алтынок, Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Анкара шаарынын муниципалитеттеринин башчылары, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ишкердик чөйрө өкүлдөрү, студенттер, ЖМКнын, ошондой эле Түркияда жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Айтматовго арналган маданий иш-чарада улуу жазуучунун мурасынын Түркиядагы мааниси жана көөнөргүс чыгармалары жөнүндө сөз сүйлөштү.

Ал эми Чыңгыз Айтматовдун түрк тилине которулган «Ак кеме» жана «Кызыл жоолук жалжалым» повесттерин Түркиянын Билим берүү министрлиги орто мектептердин программасы үчүн «100 классикалык чыгарманын» милдеттүү тизмесине киргизген.

Түркиянын Анкара жана Стамбул шаарларында Чыңгыз Айтматовдун айкелдери тургузулган. Өлкөнүн чоң шаарларында Айтматов атындагы көчөлөр, маданий борборлор жана сейил бактары бар.

Измир шаарында ачылган Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик лицей да окуучуларга таалим берип келет. (ElB)

XS
SM
MD
LG