Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:24

Ооган-тажик чек арасына чет өлкөлүк жоочулар киргени кабарланды


Ооганстандын Бадахшан провинциясы
Ооганстандын Бадахшан провинциясы

Ооганстандын Бадахшан провинциясынын жетекчилиги өлкөдөгү жүздөгөн чет өлкөлүк жоочу Тажикстан менен чектеш райондорго киргенин ырастады.

Бадахшан провинциясынын губернаторунун орун басары Ахтармухаммад Хайрзоданын айтымында, бүгүнкү күндө аталган райондордо дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринен келген дээрлик 450 жоочу бар. Алардын «Жамаат Ансоруллох», «Түркстан ислам кыймылы», «Өзбекстан ислам кыймылы» жана «Кавказдын ислам имараты» аттуу топтор менен байланышы бар.

«Жоочулар Вардуж районуна көп жайгашты. Провинциядагы абалдын туруксуздугунан пайдаланып Моймай жана Нусай райондоруна да киришти. Албетте, бул Тажикстанды тынчсыздандырууда», - деди Хайрзода.

Буга чейин тажик бийлиги Ооганстандын Тахор жана Бадахшан провинцияларындагы террордук топтордун катарында 100гө жакын тажикстандык бар экени аныкталганын билдирген.

Ооганстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, чет өлкөлүк жоочулар талибдер менен жанаша согушуп жүрөт. Бирок «Талибан» кыймылынын расмий өкүлү Забехуллох Мужохид бул маалыматты четке кагып, алар чет өлкөлүк жоочулардын жардамына муктаж эмес экенин билдирди.

Быйыл февралда ок атууну токтотуу тууралуу АКШ менен «Талибандын» ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, талибдер башка террордук уюмдардын АКШ менен анын союздаштарынын Ооганстандагы кызыкчылыктарына зыян келтиришине жол бербөө милдеттенмесин алышкан. Эгер алар бул убадасын аткарса, Кошмо Штаттар өлкөдөгү куралдуу күчтөрүн кийинки жылдын биринчи жарымында чыгарып кетерин билдирген.

АКШнын азыркы өкмөтүнүн маалыматына караганда, 2021-жылдын 15-январына карата Ооганстандагы америкалык аскерлердин саны 4,5 миңден 2,5 миңге чейин кыскартылат.

XS
SM
MD
LG