Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Болот Темировго кол салуу үчүн айыпталгандарга сот чечими чыкты


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 30-декабрда «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго кол салуу боюнча айыпталган төрт адамдын ар бирин 2,5 жылдан эркинен ажыратты. Мындан тышкары ар бирин 50 миң сомдон айыпка жыкты. Бул тууралуу журналист Болот Темиров «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, айыпталуучулардын баары абакта отурган күндөрүнүн эсебинен жаза мөөнөтү бүттү деп эсептелип, сот залынан бошотулду.

Болот Темиров өзүнө кол салуу буюртманын негизинде болгон деп билдирип келет.

«Бир жылга жакын убакыттан бери тергөө буюртма берген адамды аныктай алган жок. Ошондуктан бул иш али толук бүтө элек. Тергөөчүлөр иликтөө иштерин улантат деп ойлойм», - деди Болот Темиров «Азаттыкка».

Журналист Болот Темировду 9-январда Бишкекте белгисиз адамдар сабап кетишкен. Темиров муну өзүнүн кесиби менен байланыштырып келет. Ал бул кол салууну Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын буюмдары жөнүндө «FactCheck» порталы жарыялаган иликтөөгө байланышы мүмкүн деп божомолдогон. Аны сабаган деген шек менен 14-январда Бишкекте төрт киши кармалып, камалган.

Темировдун сөзүнө караганда, шектүүлөр башында аларга буйрук берген адамдар болгонун айтып, кийин көрсөтмөсүн өзгөртүшкөн. Милиция биринчи берилген көрсөтмөнү да иликтеп жатканын айтууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG