Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Кыргызстан быйыл эл аралык донорлордон 346,8 млн. доллар каражат алды


АКШ доллары.
АКШ доллары.

2020-жылы коронавирус пандемиясынын кесепети менен күрөшүүгө жана бюджетти колдоо максатында Кыргызстанга эл аралык донорлордон 774 млн 432,795 доллар берилери айтылган. Мунун ичинен 177 млн 049 миң доллар грант, калганы насыя.

Өкмөттүк аппараттын маалыматына караганда, жалпы жардамдын ичинен жыл аягына чейин 346 млн. 826,269 доллары алынган. Калганы күтүлүп жатат.

Эл аралык валюта фондунан эки транш менен 241 млн. 947 937 доллар келип түшкөн.

“Азия өнүктүрүү” банкынан жалпы 151 млн. 060 миң доллар күтүлүп жаткан болсо, бүгүнкү күнгө карата 52 295 094 доллары келип түштү. Мунун 46 млн. 200 миң доллары грант түрүндө.

Дүйнөлүк банктан жалпы 122 млн. 350 миң доллар берилмек болсо, анын ичинен 61 млн. 775 миң доллар грант түрүндө.

Декабрдын аягына чейин анын 9 млн. 879 074 доллар келип түшкөн.

Евробиримдик 33 млн. 800 миң долларлык гранттын 27 млн. 280 миң долларын берген. Ушундай эле 31 млн. 694 858 доллар кайтарымсыз акчаны Германия өкмөтү да Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн берди.

Булардан тышкары “Азия инфраструктуралык инвестициялар” банкы 50 млн. доллар, Ислам өнүктүрүү банкы 15 млн. доллар, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду 100 млн. доллар, Европа Инвест банкы 25 млн. жана Жапония 3,5 млн. доллар бермекчи.

Кыргыз өкмөтү эл аралык донорлордон алынган акча негизинен бюджетти колдоо үчүн - айлык акы, пенсия жана жөлөкпул төлөө үчүн жумшалганын маалымдаган.

Мындан тышкары Орусия Кыргызстандын бюджетин колдоого, бюджеттик мекемелерде иштегендердин маянасына, пенсия жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, саламаттык сактоо системасын каржылоого 20 млн. доллар акча бөлгөнү кабарланган. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматында «бул акча социалдык төлөмдөр үчүн кайтарымсыз негизде» берилет деп жазылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG