Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:16

Баш мыйзамдын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жибериле элек


Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев (оңдон экинчи) жана ушул эле кеңешменин секция башчылары. Иллюстрациялык сүрөт.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун 1-варианты Жогорку Кеңештин кароосуна жибериле элек. Бул тууралуу Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, азырынча долбоор кеңешмеде секцияларда талкууланып жатат.

«Жогорку Кеңешке жиберүүгө толук даяр боло элек. Биринчи вариантты учурда, мына бүгүн да секцияларда талкуулап жатабыз. Парламентке качан жиберилери азырынча белгисиз», - деди ал.

Бекбосун Бөрүбашев 10-январда референдум өтүп, эл мамлекеттик башкаруунун формасын аныктаган соң ошого жараша кадам жасалышы ыктымал экенин да кошумчалады.

Конституциялык кеңешме 11-декабрда Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканын кабарлаган.

Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 2020-жылы 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башта ал долбоорду 10-январда президенттик шайлоо менен кошо референдумга коюу сунушталган. Коомчулуктун сынынан кийин парламент 10-январда башкаруунун гана түрүн аныктоо боюнча бүткүл элдик добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө мыйзам кабыл алган.

Канткен менен президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов 20-ноябрда түзгөн Конституциялык кеңешме ушул күндөрү Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жатат. Ал ишин качан жыйынтыктары белгисиз.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат. Анын каршылаштары мындай долбоор өтсө авторитардык бийлик күчөйт деп чочулашат. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG