Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:04

Бишкекте коомдук автоунааларга видеокөзөмөл орнотулду

Пандемия шартында автобусту дезинфекциялоо учуру. Бишкек шаары. Март, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Пандемия шартында автобусту дезинфекциялоо учуру. Бишкек шаары. Март, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте муниципалдык автобустардын 95%, троллейбустардын 60% жана менчик кичи автобустардын 60% салону видео көзөмөл камералары менен жабдылды. Көзөмөл камералары жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында орнотулганын шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы муниципалдык автобустар №15 жана №71 каттамдарга каттай башташкан.

Бишкекте күн сайын 110дон ашуун троллейбус жана 120дай автобус каттамга чыгат. Булардан тышкары эки миңден ашуун кичи автобустар эл ташыйт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG