Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:09

Түлөбаев: Бишкекти каптаган ышты быйыл токтотуу мүмкүн эмес


Ыш каптаган Бишкек. Декабрь, 2020-жыл.
Ыш каптаган Бишкек. Декабрь, 2020-жыл.

Баш калаанын үстүнө үйүлгөн ышты быйылкы жылы токтотууга мүмкүн эмес, ал үчүн кийинки жылы Бишкек Жылуулук электр борборун көмүр менен эмес, газ менен иштетүүгө өтүш керек. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бүгүн, 4-январда «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, видео кайрылуу таратты:

«Мэр кайда, премьер-министр кайда, эмнени карап жатат?» деп суроо берип, ур-токмокко албай коё тургула. Биздин келгенибизге бир айдан эле ашты. Ышты азайтыш үчүн эң ириде көмүрдүн ордуна газ жагыш керек. Эмдиги жылы Бишкек ЖЭБин жана баш калаанын 22 отказанын, мектептерди газ менен жылытууга өтөбүз. Ошондо гана ышты азайта алабыз. Бирок азыркы убакта эч нерсе кыла албайбыз. Бүгүнкү күнү ЖЭБди да, Кара-Кечеден көмүр алууну да токтото албайбыз».

Балбак Түлөбаев ыш Кара-Кеченин сапатсыз көмүрүн жагуудан улам көбөйүп жатканын белгилеп, кийинки жылдары жаңы конуштарда да бул кендин көмүрүн жагууга тыюу салынарын билдирди.

«World Air Quality» уюмунун иликтөөсүндө 3-4-январда Бишкек шаары абанын булганышы боюнча биринчи орунга чыкты. Дүйнөдөгү шаарларда абанын сапатын иликтеген уюмдун сайтына 4-январга караган түнү, саат үчтө чыккан маалыматта баш калаадагы абалга кооптуу деген баа берилген.

Бул уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкекте аба сапатынын көрсөткүчү (AQI) 525 экени көрсөтүлгөн. Негизи индекс 300дөн ашса абал өтө кооптуу деп эсептелет. 50дөн ылдый болгондо гана булганган эмес дегенди түшүндүрөт.

Активисттер жана жашоочулар абанын булганышынан улам ар кандай илдеттер көбөйүп кеткенин белгилеп, бул маселени чечүүнү 4-январда соцтармактар аркылуу шаар жана өкмөттүн жетекчилигинен талап кылышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG