Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Декабрда электр энергиясы көп жагылды


Кыргызстандын электр тармактары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын электр тармактары. Иллюстрациялык сүрөт.

Декабрь айында кыргызстандыктар 2 млрд. кВт/сааттан ашык электр энергиясын жагышты. Бул тууралуу "Улуттук электр тармактары" мамлекеттик ишканасы маалымдады. Ага ылайык, 2020-жылдын акыркы айында жалпы Кыргызстанда колдонулган электр энергиясынын көлөмү 2 млрд. 86 млн. 203 миң кВт/саатты түзгөн. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 220 млн. кВт/саатка көп.

«Улуттук энергохолдинг» компаниясы 2020-жылы декабрь айында Кыргызстан боюнча электр энергиясын пайдалануунун лимити 1 млрд. 886 млн. кВт/саат деп коюлганын кабарлаган.

Вице-премьер-министр Равшан Сабиров 16-декабрда парламентте Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгы чекке жеткенин, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланбаса, электр жарыгы автоматтык түрдө өчүп калуу коркунучу бар экенин эскерткен. Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу кыргыз өкмөтү күз-кыш айларында коңшу Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG