Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

«Ата Мекен» фракциясынын лидери алмашты


«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана фракция жетекчисинин орун басары Наталья Никитенко. Сентябрь, 2020-жыл.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана фракция жетекчисинин орун басары Наталья Никитенко. Сентябрь, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев фракциянын лидерлигинен кетти. Анын ордуна депутат Айсулуу Мамашева фракция лидери, анын орун басарлыгына фракция мүчөсү, депутат Наталья Никитенко шайланды. Мындай чечим фракциянын 5-январдагы кезексиз жыйынында кабыл алынды.

Фракциянын басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында ошондой эле депутат Клара Самат «Ата Мекен» фракциясынан чыгарылды.

"Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2015-жылкы шайлоого өз партиясынын тизмесин баштап келип шайданып, фракция лидери болуп турган.

Текебаев 2017-жылы "Мегаком иши" боюнча сот жообуна тартылганда мандатынан ажыратылган. Анын ордуна Искендер Гаипкулов депутат болуп келген.

Былтыр Жогорку Сот "Мегаком ишин" жаңы жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөткөндөн кийин «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз өзүнүн депутаттык мандатын партия лидерине ыйгаруу өтүнүчү менен БШКга арыз жазган. Арызды БШК арызды 15-октябрда карап, аны көпчүлүк добуш менен канааттандырган.

Кийинчерээк Бишкектин административдик соту Текебаевге мандат мыйзам бузуу менен ыйгарылган деген негизде БШКнын чечимин жокко чыгарган. Соттун бул ишке кайрылышына жарандык активист Темирлан Ормуковдун арызы негиз болгон.

"Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы «Мегаком иши" боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде айыпталып камалып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов аларга козголгон кылмыш ишин ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алардын иши 1,5 жылдан бери кайра каралып жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG