Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Жемкорлук боюнча кармалган мурдагы вице-мэр Мирлан Амантуров эки айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын коррупцияга шектелип кармалган мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуровдун бөгөт чарасы аныкталды. Бул тууралуу 5-январда «Азаттыкка» Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Амантуров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында 28-февралга чейин камакта болот.

Атайын кызматтын 30-декабрдагы маалыматына караганда, ал мэрия менен «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын ортосундагы коррупциялык схемага тиешеси бар деп шек саналууда.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы ал өзүнө караштуу ишкана аркылуу шаардын жолдорун оңдоо жана куруу иштери боюнча мамлекеттик сатып алууда жемкорлукка барган деп эсептейт.

Атайын кызмат билдиргендей, 2015-2019-жылдары Амантуров менен байланышы бар компанияларга 100 миллион сомдон ашык суммага муниципалдык буюртмалар берилип турган жана ошол акчанын бир бөлүгүн ал өзүнө алып жүргөн. Ошондуктан, УКМК белгилегендей, мэрия каржылоону өз убагында жүргүзгөнүнө карабастан жумуш толук аткарылбай келген.

Амантуров өзү же анын жактоочулары бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ал 2007-жылдан бери «Бишкекасфальтсервис» ишканасын жетектеп келген жана 2019-жылы мэриянын турак жай, коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэри болуп дайындалган. Былтыр парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атынан катышып, талапкерлер тизмесинде 41-катарда болгон.

Вице-мэр болуп турган МИрлан Амантуров 30-июлда «Мекеним Кыргызстандын» эсебине 35 миң сом салган. Мамлекеттик кызматта иштеп жатканда партияга акчалай жардам бергени тууралуу: «Мыйзам бузулган жок. Акча которсом аны өз атымдан котордум. Конституциялык укугум бар» деп айткан. 21-августта кызматтан кеткен.(RK)

XS
SM
MD
LG