Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

Активист Өндүрүш Токтонасыров «Азаттыкты» коргоп чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 8-январда «Азаттык» радиосун коргоп, Бишкектин көчөлөрүндө акция өткөрдү.

Ал Киев, Токтогул, Чүй көчөлөрүндө, «Айчүрөк» соода борборунун (ЦУМ) жанында «Азаттыкты» жактаган жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алып, жарандарга кайрылды.

Токтонасыров кийинки убакта «Азаттыктын» дарегине доомат артылган сын айтылып, айрым маалымат каражаттарында атайын каралоо жүрүп жатканына кабатыр экенин билдирди.

Ал «Азаттыктын» акыйкатты көрсөткөн макала-баяндары аткаминерлерге жакпай жатканын, каралоонун артында бийликчил күчтөр турганын айтууда.

Соңку эки-үч айдан бери социалдык түйүндөрдүн айрым тайпаларында «Азаттык» радиосун элге каршы маанайда көрсөткөн билдирүүлөр жазылып жатат. Жалал-Абадда жана Баткенде «Азаттыкка» каршы 2-3 киши катышкан пикет болгон.

Январдын башында ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы «Азаттык» радиосунун телепрограммаларын көрсөтүү боюнча келишимди мөөнөтүнөн мурда бир тараптуу токтотту. Муну укук коргоочулар, жарандык активисттер жана медиа уюмдар сөз эркиндигин кысуу катары баалашкан.

Мурдагы президенттер Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин жана Алмазбек Атамбаевдин тушунда да бийликтер тарабынан "Азаттык" үналгысынын берүүлөрүн жергиликтүү шериктер аркылуу обого чыгарууга бөгөт коюлган жана башка кысым уюштурулган учурлар маалым.

Токтонасыров: "Азаттыкты" каралаган уят иш
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

XS
SM
MD
LG