Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:53

Рахат Сулайманов «Бешинчи каналдын» директору болуп дайындалды


Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

Рахат Сулайманов «Бешинчи каналдын» директору болуп дайындалды. Ал эмгек жамаатына 12-январда тааныштырылганын Мамлекеттик мүлк фондунун басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди.

Каналдын мурдагы директору Эрнис Кыязов эмне себептен бошотулганы тууралуу ачык айтылган жок.

Жаңы директор болуп келген Рахат Сулайманов соңку бир канча жылдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматын жетектеп келген.

«Бешинчи канал» 2005-жылы мурдагы президент Аскар Акаев бийликтен куулгандан кийин КООРТ каналынын базасында түзүлгөн. 2009-жылы аны кийинчерээк апрель окуясы боюнча айыпталып, он жылга сырттан эркинен ажыратылган Оксана Малеваная башкарган. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн декрети менен мамлекеттештирилген.

2011-жылы Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу максатында ««Бешинчи канал» жабык акционердик коому жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG