Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

Мамлекеттик гербге 27 жыл толду


Кыргызстандын мамлекеттик герби жана туусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын мамлекеттик герби жана туусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мамлекеттик герби 1994-жылы, 14-январь күнү Жогорку Кеңештин токтому менен кабыл алынган. Гербдин авторлору - Асеин Абдраев менен Садырбек Дубанаев.

Гербдеги канаттары жайылган шумкар мамлекеттин эркиндигинин белгиси катары сыпатталган. Ортосунда Ысык-Көл, Ала-Тоонун аскалуу бийик кырка тоолору тартылган. Кийин гербдин чекесине буудай менен пахтанын сүрөтү кошулган. Үстү жагына «Кыргыз», астына «Республикасы» деп жазылган.

Гербдеги негизги түстүн көк экендиги Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мүчөсү экендиги менен түшүндүрүлөт. Аталган уюмдун туусу көк түстө.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта, ал эми мамлекеттик гимни 1992-жылы 18-декабрда бекитилген. (ZKo)


XS
SM
MD
LG