Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Жапаров: Мыйзамсыз иш кылса бир тууганым болсо да камагыла


Садыр Жапаров басма сөз жыйынында. Бишкек. 10-январь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров басма сөз жыйынында. Бишкек. 10-январь, 2021-жыл.

Президенттик шайлоодо атаандаштарынан арбын добуш алган талапкер Садыр Жапаров учурда өзүнүн атын сатып, ар кайсы жерлерде пара талап кылып, бизнесин сурап жаткан адамдар пайда болгону тууралуу маалымат түшүп жатканын билдирди. Ал бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, «Садыр Жапаровдун өкүл баласымын, жардамчысымын, кеңешчисимин» деп ар кайсы жерлерге барып, опуза менен пара талап кылып, бизнесин сурап жаткандар боюнча маалыматтар келип жатат.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери! Мейли ким болбосун, пара талап кылган болсо, мыйзамсыз иштерди кылса, бир тууганым болсо да дароо камакка алгыла. Мындан ары мыйзамсыз, адилетсиз иштерге жол берилбейт!» деп жазды "Фейсбуктагы" баракчасына Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров буга чейин да бийликке аялы, балдары, туугандары, достору, шоопуру аралашпай турганын билдирген. Ал 10-январда шайлоодон кийин уюштурган басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мамлекеттик башкарууга тууган-урук, жакын санаалаштарынан эч кимди кийлигиштирбей турганын айткан.

«Мурдагы президенттердин бирөөсү 15 жыл иштеди. Биринчи беш жарым жылдык ишин жакшы иштеди. Андан кийин айлана-чөйрөсүндөгүлөргө ушундай бир таасирге кирип кеткен. Аны баары билет, талдап турат. Экинчи президент да 2-3 жыл жакшы иштеп, андан кийин айлана-чөйрөсүндөгү жакын адамдарына башкартып жиберди. Андан кийинки президентибиз да жардамчыларына, айдоочуларына башкартып жиберген учурлар болгон. Бирок менде андай катачылыктар болбойт. Анткени биз тарыхтан сабак алган адамдарбыз. Кудай буйруса, мамлекетти канча жыл башкара турган болсом, ошончо жыл өзүм гана башкарам. Досторго, шопурларга, жардамчыларга жана туугандарга башкартпайм», - деген Садыр Жапаров.

Кыргызстанда 10-январда 17 талапкер катышкан президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, Садыр Жапаров 79% ашуун добуш алды.

Шайлоо жыйынтыгын эл аралык уюмдар тааныды. Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Түркия жана башка бир катар өлкөлөрдүн президенттери Жапаровду куттукташты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG