Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Савай айыл өкмөт башчысынын бөгөт чарасы каралууда


Мунарбек Сайпидинов сотко келген учурда. Ош шаары. 13-январь, 2021-жыл.
Мунарбек Сайпидинов сотко келген учурда. Ош шаары. 13-январь, 2021-жыл.

Ош шаардык сотунда бүгүн, 13-январда Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасы каралууда.

Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында 11-январда кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлаган. Маалыматта Савай айылындагы орто мектепке салынган спорт залдын курулушунун суммасы 1 млн. сомдон ашуун акчага ашыра бааланганы жана Сайпидинов башка жооптуу жетекчилер менен кошо спорт зал сапатсыз бүтүрүлгөнүнө карабай, аны кабыл алганы кабарланган.

УКМК ошондой эле Ош шаарындагы жана Ош облусунун аймагындагы түрдүү кылмыштарды жасаган уюшкан топту түзүү фактысы боюнча да сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын, ал иштерде Сайпидинов күбө катары өтүп жатканын билдирген. Мунарбек Сайпидинов УКМКнын Ош облусундагы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилген.

Мунарбек Сайпидинов Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан бери жетектеп келет. Ал былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинде 126-талапкер болуп катышкан.

Мунарбек Сайпидинов - Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы. УКМК Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген. (ZKo/MrA)

XS
SM
MD
LG