Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Жапаровдун инаугурациясына даярдык шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийин башталат


Садыр Жапаров, 11-январь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров, 11-январь, 2021-жыл.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, айрым маалымат каражаттарына Жапаровдун инаугурациясы шашылыш өткөрүлөрү тууралуу жазылган кабарлар чындыкка дал келбейт.

«Бул туура эмес маалымат. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгаргандан кийин гана инаугурацияга даярдык көрүлө баштайт», - деди Галина Байтерек.

Анын айтымында, инаугурация өткөрүш үчүн атайын уюштуруу тобу иштейт, азырынча топ да түзүлө элек.

Айрым маалымат каражаттары президенттик шайлоодо арбын добуш алган талапкер Садыр Жапаровдун инаугурациясын мөөнөтүнөн мурда өткөрүү каралып жатканын жазып чыгышкан.

Кыргызстанда 10-январда 17 талапкер катышкан президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, Садыр Жапаров 79% ашуун добуш алды.

Шайлоо жыйынтыгын эл аралык уюмдар тааныды. Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Түркия жана башка бир катар өлкөлөрдүн президенттери Жапаровду куттукташты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG