Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:03

Аба ырайы: 16-январда жаан-чачын болбойт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тоолуу райондорундагы жолдордо кар көчкү түшүп, кар күрткүсү болорун эскертүүдө. Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, тайгак жолдо коопсуздукту сакташ үчүн автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбоого тийиш.

16-январда өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 11…16;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…-9;

Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 13…18;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6 градус болот.

16-январда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1°, күндүз 13…15° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG