Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Лейлек районунда 1,6 кг нашаа алып бараткан жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматы 12-январда Исфана шаарынан Бишкекке «Мерседес-Бенц Спринтер» кичи автоунаасында жүргүнчү катары жөнөгөн адамды кармаган. Тинтүү учурунда анын жанынан өзгөчө жыты бар, желим баштыкка оролгон 1 кг 600 граммдан ашуун күрөң түстөгү зат - нашаа алынган. Шектүү Ош облусунун Кара-Суу районунун 32 жаштагы тургуну Н. А. болуп чыккан.

Баңгизат Жазык кодексинин 267-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо») менен козголгон иш боюнча жүргүзүлгөн атайын операциянын негизинде алынган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү Н.А. кылмыштуу шериги Бишкек шаарында экендигин айткан соң, Лейлек РИИБинин Бишкектеги Ленин РИИБинин кызматкерлери менен чогуу жүргүзгөн иш-аракетинин натыйжасында борбор шаардан анын шериги, Кара-Суу районунун тургуну И. Ш. аттуу жаран кармалган.

Милициянын маалыматына караганда шектүүлөр экөө тең мурда оор берене менен соттолушкан.

Кармалган эки жаран милициянын убактылуу камоочу жайына киргизилген. (JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG