Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Каримова караңгыда Оштогу окуу жайынын эшигин буздуруп кирди (видео)


Cамара Каримова Оштогу Ниязалы атындагы окуу жайында. 18-январь, 2021-жыл.
Cамара Каримова Оштогу Ниязалы атындагы окуу жайында. 18-январь, 2021-жыл.

18-январь күнү кечки саат жети-сегиздер чамасында Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайына ырчы Самара Каримова бир топ кишинин коштоосунда келип, иш бөлмөсүнө кирди. Бул тууралуу жеринде окуяга күбө болгон «Азаттыктын» кабарчысы маалымдады.

Каримова бир нече киши менен имаратка келип, алар жетекчи олтурган бөлмөнүн эшигин бузуп кирип, ачкычын алмаштырып кетишти. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлерди да болду. Алар «эч кандай мыйзам бузуу болгон жок» деп комментарий беришти.

Буга чейин шаардык милиция Каримова мугалимдер жамаатына каршы арыз жазганын билдирген. Арыз Жоруктар кодексинин 167-беренесинин («Сот чечимин аткарбоо») негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталганы маалым болгон.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова бул музыкалык орто окуу жайынын директору болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин ал буйрук кайра жокко чыгарылган.

Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун айтып, Каримованы кызматтан алган.

Ырчы экс-министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы 13-январда белгилүү болду. 14-январда Каримова окуу жайына келип, бирок жамаат аны кабыл албай койгон. 15-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Ошко келип, жамаатка жаңы жетекчини тааныштырганда да чыр-чатак менен коштолуп, ага милиция аралашкан.

27 жаштагы Самара Каримова 2017-жылы «Сулайман-Тоо» музей комплексине жетекчи болуп дайындалып, коомчулуктун катуу сын-пикирине кабылган. Ошондон кийин ал кызматтан баш тартканын жарыялаган эле.

Ал учурда анын күйөөсү Асан Мансуров Маалымат жана туризм министрлигинин түштүк аймагы боюнча маданий борборунун жетекчиси болуп турган.

Мансуровдун ысымы 2015-жылы «Азаттыкта» жарык көргөн «Саясатташкан сауналар» аттуу иликтөөдө аталган. Мансуров интервьюсунда сойкукана болуп иштеп жаткан имараттар апасына таандык экенин билдирген. (DU)

XS
SM
MD
LG