Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

Сегизбаев: Мага каршы кылмыш иши козголорун күткөм (видео)


Абдил Сегизбаев, УКМКны жетектеп турган жылдары тартылган сүрөт.
Абдил Сегизбаев, УКМКны жетектеп турган жылдары тартылган сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев өзүнө карата козголгон кылмыш иши Жазык кодексинин «Коррупция» беренесине дал келбей турганын айтты:

22-январда Бишкектеги басма сөз жыйынында ал: «Мага кылмыш иши козголо турганын күткөм жана билгем. Бирок мындай болбогон иш менен козголот деп ойлогон эмесмин. «Коррупция» беренеси менен козголгону туура эмес. Анткени бул иштер болгон кезде мен кызматта турган эмесмин. Бул Курманбек Бакиевдин (мурдагы президент) тушундагы иштер».

Сегизбаев жер иштетүүдө мыйзам бузбаганын, 13 жыл мурун – эч жерде иштебеген кезинде эки гектар жерди ижарага алып иштеткенин билдирип, документтерин көрсөттү.

Ал мыйзамсыз жер иштетпегенин, бул козголгон кылмыш иши азыркы бийликтин аны камакка алуунун айласы экенин кошумчалады жана президенттик шайлоодо талапкер болгондо дебатта Садыр Жапаровго ачык каршы чыкканы үчүн “саясий өч алуу” деп баалады.

Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголду
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:12 0:00

Башкы прокуратура Абдил Сегизбаев Чүй облусундагы жер мыйзамдарын бузууга байланышкан коррупциялык схема боюнча шек саналып жатканын 22-январда билдирди.

Расмий кабарда белгиленгендей, ал коррупциялык схема аркылуу Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында жайгашкан 2,2 гектар жайыт жерди башка категорияга которуу жолу менен 49 жылдык мөөнөткө акысыз алып, капиталдык курулуш жүргүзгөн. Кылмышын жашыруу максатында жакын туугандарынын атына өткөрүп койгону айтылууда.

Ошондой эле УКМКнын мурдагы төрагасынын жакын туугандары каза болгон, чет жакта жүргөн жарандарга үлүш катары берилген 18,46 гектарлык 92 жер тилкесин жасалма документтер менен менчикке өткөрүп алганы белгиленген.

Башкы көзөмөл органы билдиргендей, айыл чарба багытындагы бул жерлерге салыктар төлөнбөгөнү, жайыт жерлерге уруксат кагаздары жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөнү жана электр энергиясы берилгени аныкталган.

Топтолгон материалдар 20-январда Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен реестрге катталып, сотко чейинки териштирүү иши башталган.

Абдил Сегизбаев УКМКны 2016-2018-жылдарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген.

Быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, жараянга катышкан элдин 1.46% добушун алган.

Шайлоодо утуп чыккан Садыр Жапаров шайлоого өзү менен кошо ат салышкан атаандаштарынын саясий салмагын, кадыр-баркын, тажрыйбасын жогору баалай турганын айтып, аларды кызматташууга чакырган. Ошондой эле ал сөз эркиндигин коргоого убада берген. (SE)

XS
SM
MD
LG