Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Студенттер арасында «Ырдын пири - Рыспай» конкурсу болот


Рыспай Абдыкадыров.
Рыспай Абдыкадыров.

29-январда Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык коллежинин салтанаттуу жыйындар залында белгилүү обончу, маркум Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата бул окуу жайынын студенттеринин арасында «Ырдын пири - Рыспай» аттуу сынактын финалы болот.

Конкурс эки бөлүктөн турат.

1-бөлүктө студенттердин арасында обончунун ырларын аткаруу боюнча жарыш өтсө, 2-бөлүктө мугалимдер да ыр майрам тартуулашат. Андан соң конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар ыйгарылат.

Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган окуу жайынын директору Түмөнбай Колдошов маалымдады.

Буга чейин 23-январда сынактын тандоо туру өтүп, 25-катышуучунун ичинен 15 студент жана бир хор кийинки баскычка өткөн.

Рыспай Абдыкадыров - кыргыз музыкасына зор салым кошкон композитор. Ал 1941-жылы 12-январда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген.

Ал 1963-жылы Ош педагогикалык факультетин бүтүргөн. Өзүнүн эмгек жолун Кара-Кулжа элдик театрында, андан соң Жалал-Абад театрында эмгектенүү менен баштаган.

1994-жылы 12-сентябрда көпкө созулган оорунун айынан көз жумган. (MJ)

XS
SM
MD
LG