Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Социалдык медиага жасалма сүрөт тараткан өспүрүм кармалды


Социалдык медиа.
Социалдык медиа.

24-январда кыргыз тилдүү социалдык медиада тараган мончодогу зомбулукка байланыштуу видеону өз баракчаларына жарыялаган «Фейсбук», «Инстаграм» социалдык тармактарындагы видеолор өчүртүлдү.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) атайын маалымат таратты:

«Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан «Фейсбук» жана «Инстаграм» социалдык тармагында 51 тайпадан жана блогерлердин баракчаларынан аталган видеону өчүрүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү».

Мындан тышкары мончодогу зомбулукка тиешеси болушу мүмкүн деп кыргызстандык жарандын сүрөтүн тиркеп чыгарган 16 жаштагы өспүрүм Ленин райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кармалып, Жазык кодексинин 186-беренеси («Жеке жашоого кийлигишүү жана уруксатсыз жарыялоо») боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.

Өспүрүм Чүй облусунун тургуну экени аныкталды.

ИИМ кылмыш жөнүндө жалган маалымат тараткандар Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертти.

24-январда мончонун ичинде өспүрүмдү зордуктап жаткан видео таркап кыргызстандык социалдык түйүндөрдү колдонуучулар арасында кызуу талкууну жараткан.

ИИМ кийин бул видео 2020-жылдын июль айында Орусиянын карамагындагы Алтай Республикасында болгонун маалымдады. (BCh)

XS
SM
MD
LG