Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

Жогорку Кеңешке вице-спикер шайланды


Нурбек Сыдыгалиев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү.
Нурбек Сыдыгалиев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү.

Жогорку Кеңештин 27-январдагы отурумунда төраганын жаңы орун басары шайланды. Шайлоого «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү, депутат Уланбек Исмаилов жана «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү, депутат Нурбек Сыдыгалиев катышты. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Сыдыгалиев 77 добуш алып жеңишке жетти. Ал эми Уланбек Исмаилов 38 добуш алды. Бир депутат экөөнө тең каршы добуш берди.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп жаңы шайланган депутат Нурбек Сыдыгалиев 2020-жылдын башында мандатын тапшырып берген депутат Алманбет Шыкмаматовдун ордуна келген.

Буга чейин төраганын орун басары болуп иштеп келген депутат Мирлан Бакиров 2020-жылдын 23-декабрында өз каалоосу менен кызматын тапшырган.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына байланышкан элдик толкундоодон кийинки чукул бийлик алмашууга байланыштуу жаңы 7-чакырылыш шайлангыча улантып жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG