Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:33

Навальныйдын батиринде тинтүү жүргүзүлдү


Алексей Навальный. 18-январь, 2021-жыл.
Алексей Навальный. 18-январь, 2021-жыл.

Москвада оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын батиринде тинтүү жүрдү. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөш фондунун директору Иван Жданов билдирди.

«Эшикти сындыра башташты. Батирде Олег Навальный бар. Кайсы иштин алкагында жана эмненин негизинде келишкенин билбейм», деп жазды ал.

«Baza Телеграм» каналынын жазганына караганда, Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүлөрү санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузганы боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тинтүү жүргүзүп жатышат. Рейддер фонддун башка өкүлдөрүнүн, анын ичинде юрист Любовь Соболдун үйүндө да жүрүшү болжолдонууда. Бул кылмыш иши боюнча эки жылга эркинен ажыратуу каралган.

Иш Навальныйды бошотууну талап кылган акциялардан кийин козголду. Орусиянын ондогон шаарларында өткөн демонстрацияларга 100 миң адам катышкан. Уруксатсыз митингдерде төрт миңдей адам кармалганы кабарланды.

Алексей Навальный 17-январда Берлинден Москвага учуп келери менен «Шереметьево» аэропортунда кармалган. Ага карата «Ив Роше» деп аталган иш боюнча шарттуу жаза камакка алууга алмаштырылары айтылып, 30 күнгө камакка алынган. Учурда оппозиционер Москвадагы «Матросская тишина» аттуу тергөө абагында кармалып турат.

XS
SM
MD
LG