Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:33

«СOVID-19 коррупциялык кризиске жол ачты»


Коронавирус пандемиясы Чыгыш Европа жана Борбор Азия мамлекеттеринде коррупция канчалык терең жайылганын көрсөттү. Бул тууралуу эл аралык "Transparency International" уюмунун жылдык баяндамасында белгиленген.

«СOVID-19 - бул коррупциялык кризис»

180 мамлекеттеги коррупциянын деңгээлин изилдеген уюмдун жаңы баяндамасы 28-январда жарык көрдү.

Уюмдун отчетунда коронавирус пандемиясы маалында Чыгыш Европа менен Борбор Азиядагы “жемкор жана авторитардык лидерлер бийлигин бекемдөө үчүн кризисти өз пайдасына колдонушканы” жазылат. Тактап айтканда, алар маалыматты чектеп, мамлекеттик сатып алууларды ачык жүргүзбөй, элге отчет берүү механизмдеринен баш тартышканы белгиленген.

Уюмдун башчысы Делия Феррейра Рубио “СOVID-19-бул бир гана саламаттык сактоо жана экономика тармагындагы кризис эмес. Бул коррупциялык кризис”, - деди.

Ал ошондой эле өткөн жыл мамлекет бийлиги үчүн болуп көрбөгөндөй сыноо болгонун жана коррупция күч алган мамлекеттер кризиске туруштук бере албай калганын кошумчалады.

Уюм белгилегендей, коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча жакшы көрсөткүчтөргө ээ болгон өлкөлөр “саламаттык сактоо тармагына көбүрөөк инвестиция салып, демократиялык нормаларды бузбаганга аракет кылып, мыйзам үстөмдүгүн сыйлашат”.

Быйыл тогуз жылдан бери эң төмөн (38) балл алган Сербия пандемия маалында “парламенттин ишин токтотууга, бийликти сынга алгандардын оозун жабууга чейин барганы” жазылган. Бул өлкөнүн өкмөтү саламаттык сактоо тармагындагы кемчиликтерди ачык айткан медкызматкерлерге чара көргөн.

«Кыргызстанда корруцпияга каршы күрөштө натыйжа жок»

«Transparency International» уюму 180 мамлекеттин өкмөттүк тармагындагы коррупция деңгээлин 1995-жылдан бери эксперттерди, ишкерлерди, өкмөттүк эмес уюмдарды сурамжылоо аркылуу түзүп келет.

Кыргызстан 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча 31 балл менен 124-орунду ээлеп, Кения, Мексика жана Пакистан менен бирдей орунга коюлду.

«Transparency International» уюмунун Бишкектеги бөлүмүнүн жетекчиси Айгүл Акматжанова Кыргызстанда коррупцияны жок кылуу боюнча күрөш натыйжалуу жүрбөй жатканын белгиледи.

«Калктын мамлекеттик институттарга болгон ишеними ушунчалык төмөн. Бул биздин мамлекеттик система толугу менен рак илдетине кабылып, шишик тарай баштаганын билдирет. Ошондуктан жаңы жетекчилерге калктын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин көтөрүүгө чакырат элем».

«Transparency International» уюму жемкорлукту азайтуу боюнча сунуштарын берди. Уюм биринчи кезекте бийликти бөлүштүрүү системасын бекемдөөгө, бюджетти бөлүштүрүүдө жеке байланыштарга жол бербөөгө чакырды.

Саясий партиялардын каржыланышын көзөмөлдөөгө, шайлоо процессинин тазалыгын камсыз кылууга жана жарандарга, активисттерге, журналисттерге көбүрөөк эркиндик берүүгө кеңеш берди.

Коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 88 балл менен жогорку тизменин башында Дания жана Жаңы Зеландия турат. Андан кийин Сингапур, Батыш жана Түндүк Европанын жети мамлекети жайгашкан. Ал эми эң аз (12) балл алган Түштүк Судан жана Сомали мамлекеттери абдан коррупциялашкан өлкө аталды.

Коңшу республикалардан Казакстан 34 балл алып, 113-орундан 94-орунга көтөрүлдү. Өзбекстан да позициясын жакшыртып 26 балл алды, ал эми Тажикстандын былтыркы алган 25 баллы быйыл да өзгөргөн эмес.

XS
SM
MD
LG