Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

«Кыйноого каршы коалиция»: Соттолгон милиционер акталууга аракет кылып жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын мурдагы жетекчиси Ислам Шералиев өзүнө карата чыккан сот өкүмүн жокко чыгарып, актоо тууралуу өтүнүч менен Жогорку сотко кайрылды. Бул тууралуу «Кыйноого каршы коалиция» уюму кабарлады.

Уюмдун маалыматына караганда, 2016-жылы шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында камакта отурган бир адам кыйноого кабылганын айтып, Шералиевди айыптаган. Прокуратура анын арызынын негизинде Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренеси менен иш козгогон. Биринчи инстанциядагы сот Шералиевди актаган. Облустук сот 2016-жылдын декабрында аны айыптуу деп таап, эки жылга жатак абакка кескен.

Мурдагы жетекчинин арызын кароо боюнча отурумдар Жогорку соттун Соттук коллегиясында буга чейин алты жолу пландалып, бирок башка күнгө которулган. Кийинки отурум 2-февралга белгиленди.

2011-жылы негизделген «Кыйноого каршы коалиция» уюмунун курамында 13 укук коргоо уюму бар. Жалпысынан бул коалицияга 322 арыз түшкөн, анын 240 арызы боюнча териштирүү башталган, 15 кылмыш иши козголгон.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда, милиция бөлүмүндө катталат. Ички иштер министрлиги (ИИМ) мындай окуялар бар экенин, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турарын билдирип келет. (RK)

XS
SM
MD
LG