Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 19:05

Москвада жана Санкт-Петербургда акцияга чыккандар кармалууда (сүрөт)


Москва шаары. 31-январь, 2021-жыл.

Камактагы оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапташтары акция өтчү жердин дарегин алмаштырды. Буга шаар бийлигинин борбордук кварталдарды жаап, метролорду токтотуп, Лубянская аянтына барчу жолду бууп салганы себеп болду.

Навальныйдын штабынын телеграм-каналы адамдарды "Сухаревская" жана "Красные ворота" метролоруна чогулууга чакырды. "Сухаревская" метросунун босогосунан полиция адамдарды кармай баштады. Чогулгандар Комсомольская метросун көздөй жөнөштү.


Москвада камактагы оппозициялык саясатчыны колдоп жүздөгөн адамдар митингге чыкты. Орусия убактысы менен саат 12:30да отуздан ашык адам кармалган. Бийлик 300 киши акцияга чыкканын билдирди. Петербургда да полиция акцияга чыккандарды кармай баштады. Ар кандай маалыматтар боюнча бул аймакта бир нече миң киши көчөгө чыкты. ОВД-Инфонун маалыматында Орусия боюнча беш жүздөн ашык киши кармалды. Навальныйды колдоо акциялары Орусиянын бир нече шаарында өтүп жатат.

23-январда ушундай эле ураан менен Орусиянын 110дон ашуун шаарында өткөрүлгөн жыйындарга катышкан 4 миңдей киши коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалган. Навальныйды эркиндикке чыгаруу талабын эл аралык коомчулук билдирүүдө. Алардын арасында АКШ жана Европа Биримдиги да бар.

Орусия бийлиги Навальныйдын шериктерин жана башка оппозиция өкүлдөрүн четинен кармап, айрымдарын үй түрмөгө отургузууда.

XS
SM
MD
LG