Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:23

Салык кызматы январь айында 6,5 млрд. сом салык чогултту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын январь айында 6 млрд. 556 млн. сом салык жана төлөм чогултту. Мекеменин маалыматына караганда, белгиленген план ашыгы менен аткарылып салык 1 млрд. 46 млн. сомго көп жыйналды.

2021-жылга карата Кыргызстандын бюджетинин кирешеси 172 млрд. 891 млн. сом, ал эми чыгашасы 181 млрд. 354 млн. сом деп кабыл алынган. Республикалык бюджеттин тартыштыгы 8 млрд. 463 млн. сом.

Өлкө казынасына каражаттын көпчүлүк бөлүгү Мамлекеттик салык кызматы менен Бажы кызматынан түшөт.

Былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу ишкерлик токтоп, чек аралар жабылып эки тармактан тең салык аз чогултулган жана жыл аягында бюджеттин таңкыстыгы 30 млрд. сомго жеткен. (BTo)

XS
SM
MD
LG