Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:11

Өзбекстанда милиция формасын кийип бийлеген жигит камалды


 Хасан Дустовдун милиция формасын кийип бийлеген видеосу социалдык тармактарга тараган
Хасан Дустовдун милиция формасын кийип бийлеген видеосу социалдык тармактарга тараган

Өзбекстандын Сырдарья облусунда социалдык тармактарда «лайк» чогултуу максатында тартип коргоочуларынын формасын кийип бийлеген 26-жаштагы жигит жана аны тарткан өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Zamon.uz. интернет басылмасы кабарлады.

Автоунаа жуучу жайда иштеген Хасан Дустовду сот «Майда бейбаштык» жана «Тартип коргоочулардын формасын мыйзамсыз кийип жүрүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз суткага эркинен ажыратты.

Ал эми видеону тарткан Диербек аттуу өспүрүмдүн ишин райондук администрацияга караштуу Өспүрүмдөр боюнча комиссия карамай болду.

Сотто Диербек милиция формасын кийип бийлеген Дустовду «лайк» чогултуу үчүн тартканын, жасаган ишине өкүнөрүн айткан.

Кыргызстанда 2020-жылы коронавирустун жайылышы күчөп турган маалда беткаптардын сапаты тууралуу социалдык тармактарга жазган дарыгер «кечирим сурап», посттун өчүрүүгө аргасыз болгон эле.

XS
SM
MD
LG