16-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20;
Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 16…21;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;
Нарында түнкүсүн -7…-12, күндүз 2…7;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23…-28, күндүз -2…-7 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 18…20 градус жылуу болот.