Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

Аба ырайы: 23-февралда суук болот


Кыргызгидромет ишканасы 22-26-февраль күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы сакталарын эскертүүдө. Ага ылайык көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Тоо этектерине, тоолуу райондорго кар түшөт.

Айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаап, туман түшөт. Жолдор тайгак болуп, тоңголок тартат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы кескин төмөндөп, түнкүсүн -10-18 градуска чейин сууктайт.

23-февралда түнкүсүн Бишкек менен Таластан башка облустарда жаан жаап, кар түшөт.

Күндүз болсо баардык облустарда жаан да, кар да жаайт. Жолдор тонголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 0… -5, күндүз 4…9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;

Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6 градус жылыйт.

23-февралда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 7…9° жылуу.

XS
SM
MD
LG