Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

Жапаров: Жакын арада калкты эмдөө башталат деп ишенебиз


Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолугушуу учурунда.
Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолугушуу учурунда.

Президент Садыр Жапаров Москвадагы иш сапары учурунда Орусиянын лидери Владимир Путинге жолукту.

Алар эки тараптуу кызматташтыкты сүйлөшүп, Жапаров Орусияга коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Пандемияга байланыштуу оор абалда бизге көрсөткөн колдооңор үчүн өзгөчө ыраазыбыз. Орусияда чыккан вакцинанын жогору таасирдүүлүгү менен коопсуздугун дүйнө коомчулугу таанып жатканын баса белгилегим келет. Биз да жакынкы күндөрү калкты жапырт эмдөө боюнча иш-чараларды баштайбыз деп ишенем".

Президент Жапаров Москвадагы эки күндүк иш сапарында Орусиянын жогорку кызматтагы бир нече адамы жолугат.

Москвадагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өткөнү кабарланууда.

Садыр Жапаров 24-25-февралда алгачкы чет элдик иш сапарын Орусиядан баштады. (BCh)

XS
SM
MD
LG