Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 10:20

Тажикстанга аткезчилик жол менен күйүүчү май ташыган жаран кармалды


Күйүүчү май ташыган унаа. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалыматына ылайык 10 тонна күйүүчү майды Тажикстанга алып өтүп бара жаткан жеринен кыргызстандык жаран кармалды. Күйүүчү майдын тиешелүү документтери болгон эмес. Автоцистерна Лейлек районунун Ак-Арык айылынан Тажикстанга кирип бараткан жеринен кармалган.

Маалыматка ылайык күйүүчү май ташыган жаран чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча сотко чейинки ачылган иштин алкагында колго түштү.

Кыргызстандан Тажикстанга экспорттолгон күйүүчү майдын көлөмү тууралуу так маалымат жок. Эксперттер кыргыз-тажик чек арасынан күйүүчү май негизинен аткезчилик жол менен алып өтүлөрүн айтып келишет. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG