Нарындын Жумгал районундагы "Берекет-Кен" көмүр шахтасында 1-мартта чыккан өрт өчө элек.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-мартта кабарлагандай, куткаруучулар тилсиз жоо менен күрөшүүдө.
Райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн маалыматына караганда, Миң-Куш айылындагы аталган шахтадан түтүн чыга баштаганы 1-мартта белгилүү болгон. Эртеси саат 8:45терде өрт чыккан.
Расмий билдирүүгө ылайык, жалындаган өрт жок. Шахтанын кайсыл бөлүгүндө өрт байкалса,куткаруучулар ошол жерди бүтөп атышат.
Жабыркагандар жок. “Берекет-Кен” көмүр шахтасы 2020-жылдын декабрынан айынан бери иштебей токтоп турган. (BSB)
Дагы караңыз