Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:25

Орусия: Пенза облусунун губернатору Белозарцев пара алууга шектелип кармалды


Иван Белозарцев
Иван Белозарцев

Орусиянын Пенза облусунун губернатору Иван Белозарцев коррупцияга айыпталып кармалды. Тергөө комитети 21-мартта Белозарцев 31 миллион рубль пара алууга шектелип жатканын билдирди. Губернатор менен бирге Пензадагы ишкер, “Биотек” дарыканалар түйүнүнүн кожоюну Борис Шпигель, анын жубайы жана бир нече адам кармалганы белгилүү болду. Алар күнөөнү моюнуна албай жатканын орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ишкер дары-дармек, медициналык жабдыктар боюнча келишим түзүү үчүн губернаторго пара берген. Пара 2020-жылы берилип, ага кымбат баадагы Mercedes автомашинасы, Breguet үлгүсүндөгү саат да кирген.

Жакынкы убакта Иван Белозарцевдун бөгөт чарасы каралат, ал тергөө абагына камакка алынышы мүмкүн.

Бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын мүчөсү, орус президенти Владимир Путиндин колдоочусу Белозарцев Пенза облусун 2015-жылдан бери башкарып келе жаткан.

XS
SM
MD
LG