Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Бычак жеген бозгундагы блогерге коркуткан смс келүүдө


Мухаммад Мирзали
Мухаммад Мирзали

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму Франциянын бийлигин бозгундагы азербайжандык видеоблогер Мухаммад Мирзалинин коопсуздугун камсыздоого чакырды.

2016-жылдан бери Францияда башкалкалап жүргөн Мирзалини ушул айда белгисиз адамдар бычактап кетишкен. Алган жараатынан улам дарыланып жаткан блогерге жакындан тартып коркутуп-үркүткөн смс-билдирүүлөр келе баштаганы белгилүү болду.

Азериче жазылган акыркы бир билдирүүдө “акыркы эскертүү” экени, эгер “эже-карындаштарды шылдыңдаганды токтотпосо” өлтүрүп кетээри айтылган.

14-мартта Мухаммад Мирзали Франциянын батышындагы Нант шаарында сейилдеп жүргөндө кол салышып, денесине 10 жолу бычак сайышкан.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Жанна Кавелье блогер 6 саатка созулган оор операцияны башынан өткөргөнүн билдирди. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан уюм Мирзалинин үнүн басыш үчүн басым жасалып жатканын кошумчалады.

Мухаммад Мирзали Азербайжандын бийлигин сындаган блогдорду жарыялап келген. Ал өлкөдөн чыгып кеткен соң Азербайжанда калган туугандары куугунтукка кабылган болчу.

XS
SM
MD
LG