26-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 35 жаштагы мугалимдин өлүмүнүнө шектүү адамды колго түшүрдү.
Маалыматка ылайык кармалган адам 1958-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну. Ал кылган күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Шектүү кылмыш жасаган соң эски тааныштарынын биринин үйүндө жашынып жатканы белгилүү болду. Кылмышка далил буюм катары колдо кыскартылган ок атуучу курал алынган.
Бул окуя боюнча Ош шаардык милициясы Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пункту (Пайда көрүү максатында киши өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүш ишин ачып, иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Кылмыштын себептери тууралуу маалымат айтыла элек.
23-мартта Ош шаарынын Күкүм-Бий көчөсүнүн жол боюнан азиат улутундагы, жашы 30-35тер чамасындагы жарандын жансыз денеси табылган болчу. Каза болгон жаран Ош шаарынын мектептеринин биринде информатика мугалими экенин Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тастыктаган. (MrA)