Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:47

Зеленский Конституциялык соттун төрагасын кызматтан алды


Конституциялык соттун төрагасы Александр Тупицкий, президент Владимир Зеленский жана Жогорку Раданын төрагасы Дмитрий Разумков. Украина. Коллаж сүрөт.
Конституциялык соттун төрагасы Александр Тупицкий, президент Владимир Зеленский жана Жогорку Раданын төрагасы Дмитрий Разумков. Украина. Коллаж сүрөт.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн Конституциялык сотунун эки мүчөсүн кызматтан бошотту. Бул кадам “паракорлукка каршы реформага” байланыштуу анын Конституциялык сот менен араздашуусун тереңдетти.

27-марттагы жарлыгы менен Зеленский Конституциялык соттун төрагасы Александр Тупицкийди жана дагы бир сот мүчөсү Александр Касмининди "Украинанын көз карандысыздыгына жана улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирип жатат" деген жүйө менен кызматтан алды.

Эки сотту тең Орусияны жактаган мурдагы президент Виктор Янукович дайындаган. Ал өзү 2014-жылы “ЕвроМайдан” деп аталган элдик ыңкылаптын натыйжасында кызматтан куулган.

Зеленскийдин жарлыгы былтыр октябрь айында Конституциялык сот жемкорлукка каршы айрым мыйзамдарга бөгөт коюп, Коррупцияга каршы улуттук агенттиктин (NAZK) ыйгарым укуктарын чектегенден кийин бул сот мекемесине каршы жасалган кадам болуп калды.

Конституциялык соттун чечими Батыш талап кылган реформаларга сокку урган жана Эл аралык валюта фондунан алына турган насыяга кесепетин тийгизген.

Президент Зеленский Конституциялык соттун чечимин жокко чыгарууга жана жемкорлук менен паракорлукка каршы реформа программасын чечкиндүү улантууга убада берген.


Соңку жарлыкта Зеленский Януковичтин 2010–2014-жылдардагы режимин элдик "бийликти ойрон кылуу" деп баалаган парламенттик токтомго шилтеме жасады.

Азырынча Зеленскийдин бул жарлыгы канчалык кубаттуу экендиги бүдөмүк бойдон калууда. Эми ал кубаттуу Конституциялык сот менен таймашуусун улантууга аргасыз болушу да ыктымал.

Украинанын Баш мыйзамына ылайык Конституциялык соттун кайсы бир мүчөсүн бул соттук органдын 18 мүчөсүнүн үчтөн экисинин добушу менен гана бошотууга болот. (TT)

XS
SM
MD
LG