Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы тастыктаганын мамлекеттик "Кабар" агенттиги жазды.
Мирлан Бакиров 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо көп добуш алганы жарыяланган «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесин жетектеген. Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон коомчулуктун 5-6-октябрдагы толкундоосунан кийин бийлик чукул алмашкан жана парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылган.
Андан кийин Жогорку Кеңештин 23-декабрдагы жыйынында төраганын орун басары Мирлан Бакиров өз каалоосу менен кызматын тапшырган.
«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын сунушуна ылайык коалициялык азчылыктын өкүлү катары депутат Мирлан Бакиров 2017-жылдын 13-декабрында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланган. (TSh)