1-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, кээ бир жерлерде -1...-3 үшүк жүрөт, күндүз 0…5;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 0…5;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6;
Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -21…-26, күндүз -5…-10 градус болот.
Бишкекте жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 1…3 градус.