Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:05

Ыргал Кадыралиеванын депутаттыкка талапкерлиги жокко чыгарылды


Ыргал Кадыралиева.
Ыргал Кадыралиева.

Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышып жаткан Ыргал Кадыралиеванын талапкерлиги жокко чыгарылды. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы мындай чечимди "үгүт эрежелеринин талаптарын бузду" деген жүйө менен негиздеди. Ал мүчө болгон "Ак-Бата" партиясына эскертүү берилди.

Комиссиянын өкүлдөрү билдиргендей, 1-апрелде бир катар талапкерлерге байланыштуу маселелер каралган.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Бишкектин "Ак-Бата" конушундагы футбол турнири тууралуу видео жарыялашкан. Анда бул иш-чараны шаардык кеңешке ат салышып жаткан "Ак-Бата" партиясы уюштурганы айтылып, талапкерлер Нариман Түлеев жана Ыргал Кадыралиева катышышкан.

Шайлоо мыйзамдарын ылайык, үгүт маалында мындай иш-чараларды өткөрүү - добуш сатып алуу аракети катары каралат.

Кадыралиева Жогорку Кеңештин V чакырылышында Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынан (КСДП) депутат болгон. Ал "Азаттыкка" штабда ушул кырдаал талкууланып жатканын айтып, кийинчерээк комментарий берилерин билдирди.

Аймактык шайлоо комиссиясы андан тышкары "Эмгек" партиясынан шайлоого аттанган эки талапкердин каттоосун да жокко чыгарды. Алар КСДПга мүчө болуп туруп, бирок башка партиядан шаардык кеңешке аттанышкан.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-апрелде болот. Ага 25 партиядан 1820 талапкер ат салышууда. Шаардык кеңешке 45 депутат төрт жылга шайланат. (SE)

XS
SM
MD
LG