Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 06:47

"Кыйноо иштерин тергөө тосмо арыз менен токтобошу керек"


Torture Illustration

2020-жылы Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборуна жүз арыз түшкөн. Бирок азырынча бир дагы факт толук иликтенип-териштирилип, аягына чыга элек.

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” берүүсүндө кыйноолорго каршы күрөштүн мааниси, натыйжасы тууралуу сөз болду.

Талкууга Кыйноолорду жана башка катаал жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борборунун жетекчиси Бакыт Рысбеков, Адилет министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ички иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси Элбрус Токтомамбетов, Башкы прокуратуранын тергөөгө жана ыкчам иликтөө иштерине көзөмөл жүргүзүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жыргал Исмаилов, Кыргызстандагы кыйноолорго каршы коалициянын мүчөсү , “Справедливость” уюмунун өкүлү Нурислам Раимжанов катышты.

Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз, кадыр-баркты басмырлаган мамиленин алдын алуу боюнча Кыргызстандын улуттук борборунун соңку маалыматына ылайык, былтыркы арыздардын теңине жакыны жабык жайлардагы кыйноого, 40тай арыз ар канай катаал мамилеге, 1ал эми 20дай учур адамгерчиликсиз, кадыр-баркты басмырлоо аракеттерине байланыштуу.

Уюмдун иликтөөсүнө ылайык, денеге залал келтирүү, кол көтөрүү фактылары 57%ды түзгөн. Башына желим баштык кийгизип тумчуктуруу фактылары 17% болгон.

“Азаттык”: Нурислам мырза, сиз түздөн-түз жабырлануучулар менен иштейт экенсиз. Сиздин тажрыйбаңызда кыйноого кабылган, бул иши оң жагына, жабырлануучунун пайдасына чечилген учурлар болгонбу?

Раимжанов: Мен бир аялдын окуясын айта кетейин. 2003-жылы ал кыйноо жана ьасмырлоо тууралуу жергиликтүү сотторго бир нече жолу кайрылып, майнап чыккан эмес. Биз эл аралык келишимдерге таянып, эл аралык уюмдардын адам укуктары боюнча комитеттерине кайрылганбыз. Учурда эл аралык уюмдардын жардамы менен бул аялга мамлекеттен кенемте өндүрүү аракети жүрүп жатат. Акыйкаттыкка оңой, тез жетүү жеңил эмес. Мында арыз менен кайрылган адамдар менен узак убакыт иштөөгө туура келет.

Темир тор артындагы зомбулук
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:40 0:00

Кыргызстанда, айрыкча аймактарда жылдап тергелбей жаткан иштер көп. Иши жакшы тергелбей же создуктурулуп, жабырлануучу аргасыздан убактылуу кармалуучу жайларда узак убакытка отуруп, же улам башка жабык жайларга көчүрүрүлүп азап-тозок көргөндөр бар.

“Азаттык”: Жыргал мырза, прокуратурага өткөн жылы кыйноолор боюнча канча адам кайрылган? Кайсыл мекемелерде кыйноо, адамга ырайымсыз мамилелер жасоо фактылары көп катталат?

Исмаилов: Башкы прокуратура кыйноо тууралуу арыз-даттанууларды кароого байланыштуу иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.
Былтыр кыйноо жана башка катаал адамгерчиликсиз, же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрү жөнүндө баш-аягы 275 арыз түшкөн. Кылмыш иштери козголгон. Тергөөнүн жыйынтыгы менен анын 155 сотко чейинки өндүрүш иши, кылмыш иштин курамы жок болгондуктан кыскартылган. 5 кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлгөн. 108 кылмыш иш боюнча тергөө жүрүп жатат.

“Азаттык”: Эмне үчүн сотко өткөн иш аз?

Исмаилов: - Тергөө маалында арыз менен кайрылган адамдар баштапкы көрсөтмөлөрүн танып, же баш тарткандыктан, ошол эле учурда күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен алардын көрсөтмөлөрү тастыкталбагандыктан, далилдердин жетишсиздигинен сотко жөнөтүү маселеси кыйын болуп турат. Далилденген учурда биз ар дайым сотко жөнөтөбүз. Ар бир иш жергиликтүү прокуратура органдарынын көзөмөлүндө турат. Биз соттук процессте да айыптоону колдоп акырына чейин чыгарганга аракет кылып келебиз.

Ал эми эң көп кыйноо фактылары менен кайрылгандар кылмыштын алгачкы тергөө стадиясында болот. Демек көп арыз ички иштер кызматкерлерине туура келет.

Рысбеков: Себеби, бизде тилкекке каршы күнөөсүз адамдар абакка отурган учурлар бар. Андан сырткары күнөөсү жок кишилерге башка бирөөнүн жасаган кылмышын мойнуна илип, аны соттоп жиберген учурлар көп. Кылмышка барган адам жазасыз калып жатат. Жаза албагандан кийин ал кылмышкер, эгер биринчи ирээт уурулук клыса, экинчи жолу да тоногонго өтөт, үчүнчүсүндө андан дагы оор кылмышка барат.

Бүгүнкү күнү тергөө иштерин УКМК жүргүзөт. Алар табиятынан жабык мекеме. Ал жакка башка адамдар эмес жактоочулардын кириши дагы оор.
Дагы бир маанилүү жагдай, кыйноого байланыштуу иштер тосмо арыздар менен токтотулбашы керек. Териштирүү таза жүрүшү керек.

Расмий эмес статистикада кыйноого кабылган 10 кишинин бири гана арыз менен кайрылат деп айтылат. Демек арыз жазгандар тууралуу бейрасмий эсеп алда канча көп болушу мүмкүн.

Былтыр декабрь айында БУУнун комитети 40 жаштагы Курманбек Чыныбеков милициянын кыйноосуна кабылганын тааныган.
Былтыр декабрь айында БУУнун комитети 40 жаштагы Курманбек Чыныбеков милициянын кыйноосуна кабылганын тааныган.

“Азаттык”: Элбрус мырза сиздер иштеген толук жабык жайларда тергөө этабындагы кыйноо боюнча салыштырмалуу арыз азырак түшөт экен. Абактарда кыйноолорго, басмырлоолорго каршы кандай иш жүрөт?

Токтомамбетов: Учурда жабык абактар толук видео байкоолор менен камсыз болгон. Бизде атайын борбор бар жана күнү-түнү ошол видео жазууларга байкоо салып турат. Бул бир эле кыйноо эмес коррупция, кызматкерлерге кол салуу учурларына да бөгөт койгонго жардам берип турат.

Мындан сырткары жабык абактарда видео регистраторлор кызматкердин төшүнө тагылган. Анда видео үнү менен жазылат. Тынбай 24 саат бою жазылат. Кызматкердин маңдайында турган адамдын үнү толугу менен түшөт жана кийин кандайдыр бир окуя катталса бул материал иликтөө иштерине жардам берет. Түнү бою кыдырылуулар дагы видеого жазылып турат. Эгер видео байкоо же регистратор өчүп кала турган болсо ал кызматкер тартиптик жаза алат.

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунун толук версиясы бул шилтемеде.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG